Ашар жолу менен салынган. Кант — Токмок темир жолунун курулушу сүрөттө

Sputnik

Азыркы Кыргызстандын аймагында совет бийлиги орногон жылдары калкты транспорт, электр энергиясы, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу каражаттар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарыл болгон. Бийлик ошол жылдары автоунаа, темир жолдорду курууга, ички каттамдарды жолго салууга катуу аракет көрүп ири каражат жумшай баштаган. Анткени ат араба, автомашина, темир жолдорду жакшыртуу аймактагы элдин социалдык-экономикалык абалына түздөн-түз таасир эткен.

Чыңгыз жана Мария Айтматовдордун суктанткан сүрөттөрү. Жазуучуга муза эле...
Кант — Рыбачье темир жолунун бир бөлүгү болгон аталган тилкеде курулуш башталганда цемент, рельс, темир, тактай ири көлөмдө түшүрүлгөн. Жол боюнда ондогон боз үй, чатырлар тигилип, куруучулар үчүн ашкана, мончо, жатакана, кампа салынган. Жалпы Кант — Токмок темир жолун салууга 10 миллион рубль бөлүнгөн. Күн сайын ага 11 миңдей тургун катышып, алар бир жуманын ичинде 210 миң куб метр көлөмдөгү казуу иштерин жүргүзүп, 40 чакырым узундуктагы жолду рельс салууга даярдашкан.

Ашар жолу менен соңуна чыккан мээнеттин аркасында поезддер Фрунзе шаарынан Токмок шаарына түз келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Кийин Токмок — Быстровка (азыркы Кемин шаары), Быстровка — Рыбачье (азыркы Балыкчы шаары) темир жолдору салынган.

Учурда Кыргызстандын 424,6 чакырым темир жолу бар, алар коңшу Казакстан, Өзбекстандын аймактарына жетет.

1 / 11
Темир жол ашар жолу менен салынып, ага күн сайын 11 миңдей тургун кол кабыш кылган
2 / 11
Дөң-Алыш айыл чарба артелинин колхозчусу Өмүрзак Исмаилов курулуш маалында
3 / 11
Жаңы темир жол түшө турчу жолду даярдаган тургундар
4 / 11
Ал кезде аймактагы ишкана, мекемелер ички каттамдарды жакшыртууга муктаж болгон
5 / 11
Жергиликтүүлөр бир жуманын ичинде 210 миң куб метр көлөмдөгү казуу иштерин жүргүзгөн
6 / 11
Темир жолдун курулушу элдин жашоо шарттына өз таасирин тийгизген
7 / 11
Темир жолдун курулуп колдонууга берилиши карапайым эл үчүн чоң майрам болгон
8 / 11
Темир жол станциясында иштеген келин иш маалында
9 / 11
Фрунзе шаарындагы темир жол вокзалы
10 / 11
Өлкөнүн темир жолунун келечегин ойлогон тургундардын катарында келин-кесек дагы болгон
11 / 11
Учурда Кыргызстанда узундугу 424,6 чакырымдай темир жол бар