Баткен: облустук администрация имаратынын алдына эл чогулууда. Сүрөт

Буга чейин эки тарап ок атууну токтотуу тууралуу чечим кабыл алганы айтылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Баткен облустук администрация имаратынын алдында эл чогулуп жатканын жергиликтүү кабарчы билдирди.
Чогулгандардын баары эркек кишилер экени, саны 500дөн ашары айтылды.
1 / 3
Баткен облустук администрация имаратынын алдында эл чогулуп жатканын жергиликтүү кабарчы билдирди
2 / 3
Чогулгандардын баары эркек кишилер экени, саны 500дөн ашары айтылды
3 / 3
Имарат алдына келгендер жетекчилерден чек ара көйгөйүн тезинен чечип, кырдаалды жөнгө салууну талап кылып жатышат
Имарат алдына келгендер жетекчилерден чек ара көйгөйүн тезинен чечип, кырдаалды жөнгө салууну талап кылып жатышат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курчуган жерлер. Карта
Баткендеги жаңжал
8-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Акыркы маалымат боюнча, окуя учурунда 40тан ашуун кыргызстандык жаракат алды. Мындан башка дагы бир киши көз жумду. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Коопсуздук кеңеш: Баткендин айылдарын эч ким басып алган жок
Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Кечинде эки тарап ок атууну токтотуу тууралуу чечим кабыл алганы айтылган.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.