БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын тышкы саясат боюнча ведомствосу менен чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Маалыматты ТИМ жетекчиси Руслан Казакбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
"Эки өлкөнүн жогорку бийлик органдары менен Тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эки сааттан бери улам-улам тыныгуу алып, абалды жөнгө салууга аракет кылып жатабыз", — деди Казакбаев.
Баткендеги жаңжал
28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Акыркы маалымат боюнча, окуя учурунда 16 кыргызстандык жаракат алып, бири оор абалда жатат. Мындан башка дагы бир киши көз жумду. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.