УКМК: тажик тарап түштөн кийин миномет, пулемет менен жапырт аткылоого өттү

Окуя болгон жерде УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, Тажикстандын ИИМинин атайын даярдыктагы атайын бөлүктүн аскерлери (спецназ) менен Чек ара кызматынын аскерлери 29-апрелде саат 14:00дө жапырт аткылоону баштаган. Алар миномет, пулемет жана автоматтар менен Баткен районундагы Көк-Таш айылындагы "Головной" деп аталган суу бөлүштүрүүчү жайдан ок чыгарган.
"Окуя болгон жерде УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Тажикстандын чек арачыларынын козутуусунан чыккан аскерий жаңжалды локализациялоо чарасын көрүп, кырдаалды координациялап жатат", — деп жазылган билдирүүдө.

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Баткенде чек арадагы чырдан дагы 4 киши жаракат алып ооруканага түштү
Окуя учурунда сегиз кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.