Ташиев Кыргызстанга учуп келе жатканын айтты

Атайын кызмат Ташиев кечээ, 28-апрелде, ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө кеткенин билдирген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Германиядан Кыргызстанга учуп келе жатат. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.
"Урматтуу кыргыз элим! Мен кечээ эртең менен ден соолугумду каратуу үчүн Германияга учуп кеткен элем. Бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым. Ооруканага жетпей кайттым, буюрса түнү менен жетип барам. Баарыңыздарга сабырдуулук тилеймин, мекендин чеги өмүрдөн да кымбат, ынтымакта баарын жеңебиз", — деп жазды Ташиев.

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Окуядан алгач төрт, түштөн кийин дагы төрт кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөө ок жеп оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Баткенде чек арадагы чырдан дагы 4 киши жаракат алып ооруканага түштү
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.
Ал эми кыргызстандын борбору Бишкек шаарында чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулмай болду.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.