Өкмөт үйүнүн алдында чек ара чырын чечүү талабы менен митинг өтүп жатат. Видео

Чогулгандар колуна "Баткен да Кыргызстан", "Чек ара үчүн "даканса" деген плакаттарды көтөрүп турушат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Баткен облусундагы чек ара жаңжалына бийлик тарабынан көңүл бурулуп тез арада чечилишин талап кылган 100гө чукул жаран митингге чыкты.
Акция Өкмөт үйүнүн алдында өтүп жатат. Чогулгандар колуна "Баткен да Кыргызстан", "Чек ара үчүн "даканса" деген плакаттарды көтөрүп турушат. Ошондой эле учурда чек аралаш айылдарда ок атылып жатканын айтышууда.
1 / 2
Баткен облусундагы чек ара жаңжалына бийлик тарабынан көңүл бурулуп тез арада чечилишин талап кылган 100гө чукул жаран митингге чыкты
2 / 2
Акция Өкмөт үйүнүн алдында өтүп жатат. Чогулгандар колуна "Баткен да Кыргызстан", "Чек ара үчүн "даканса" деген плакаттарды көтөрүп турушат
Аны менен катар өкмөт башчы Улукбек Мариповдун эл алдына чыгып маалымат беришин, Баткен облусунун жетекчилигине Мамат Айбалаевди дайындоону талап кылып жатышат.

Баткендеги жаңжал

28-апрель күнү күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка алган. Кечке маал абал салыштырмалуу турукташып, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Чек арадагы чыр боюнча ЖК депутаттары жыйынга чогулмай болду
Окуя учурунда төрт кыргызстандык жаракат алып, алардын ичинен бирөөнө ок тийип оор абалда жатат. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 70 талаштуу аймактын тагдырын чече албай келет.