Атышуу уланууда, кошумча аскердик күчтөр тартылды. Чек арадагы азыркы абал

Баткен районунда жайгашкан "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы кыргыз тараптын толук көзөмөлүндө экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргыз тарап Тажикстан менен чектешкен жерине кошумча аскердик күчтөрүн тартууда. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, учурда тирешүү уланып, анын ичинде эки тараптан тең курал колдонулуп жатат.
Ошондой эле Баткен районунда жайгашкан "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы кыргыз тараптын толук көзөмөлүндө экени кошумчаланды. 

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Казакбаев: тажикстандык кесиптештер менен эки сааттан бери сүйлөшүп жатабыз
Акыркы маалымат боюнча, окуя учурунда 30га жакын кыргызстандык жаракат алды. Мындан башка дагы бир киши көз жумду. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.