БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Москва кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалыматтарды иликтеп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захаровага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Бир гана нерсе айта алам. Учурда кырдаалды иликтеп жатабыз", — деди Захарова.
Баткендеги жаңжал
28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
Акыркы маалымат боюнча, окуя учурунда 16 кыргызстандык жаракат алып, бири оор абалда жатат. Мындан башка дагы бир киши көз жумду. Ошол эле учурда тажик тарап жети адамга таш тийип жабыркаганын айтууда.
Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Чек арада ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.