Кыз ала качуу салтка жатпайт. Анткени салт деген — эреже. Кыргыздын жашоосунда мындай эреже болгон эмес. Бул тууралуу Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Кеменгер" уктуруусунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда коомчулук каада, салт, адат, жөрөлгө деген сөздөрдүн маани-маңызын түшүнбөй калды.
"Кыз ала качууну айрымдар кыргыздын байыркы салты десе, башкалары мындай болгон эмес деп ар түрдүү пикирлер айтылып жүрөт. Мунун баары биз салт эмне, адат эмне экенин билбей калганыбыздан жаралууда. Кызды турмуш куруу үчүн ала качууну салт деп айтууга болбойт, ал — адат. Болгондо да арсар адат десек болот. Анткени салт деген — бул эреже. Кылымдар бою калыптанып, элдин жашоо-турмушуна ылайыкташкан эрежелерди биз салт дейбиз. Ал эми адат деп мезгил-мезгили менен кайталанып турган ишти айтабыз. Жасалган адаттардын аягы кандай болуп бүтөрү күмөн ой жаратышы мүмкүн. Ал ошол учур талабына, андагы адамдардын ой жүгүртүү, жашоо шартына, дагы башка себептерге байланыштуу болот. Ал эми салттын жаманы болбойт. Анткени аны адамдар жылдап отуруп өз жашоосуна ылайыкташтырган мыйзам, эреже да. Башкача айтканда, баланы үйлөнтүүдө кызга сөйкө салуу, колун сурап баруу — бул салт. Ал эми кандай сөйкө салат, кантип колун сурап барат, бул каадага кирип кетет. Каада дегенде ар ким өз каадасына же болбосо алына жараша аткарат. Кыргызда бир гана учурда кызды ала качышкан. Эгер эки жаш арзышып, кыздын көңүлү бар болуп туруп, бирок ата-энеси уруксат бербесе, бала ала качкан. Бирок дароо эле үйүнө алып барып, нике кыйып жар кылып алганга жигиттин туугандары жол берген эмес. Кызды ала качкан соң эркек тараптан атасы, агалары кыздын ата-энесине кулдук уруп, ачуу басарга келишкен. Алардын ачуусун баса алышса, батасын, макулдугун ала алышса гана эки жаш үйлөнүп, той өткөн", — деди Мураталиев.
Кыргызтаануучу кыз берген тарап "кан куда", кыз алган тарап "кул куда" деп аталып калышы да ушундан келип чыкканын кошумчалады.