Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жаракат алгандар 46 кишиге жетти

Министрликтин билдиришинче, 44 адам ар кандай жаракат менен Баткендин ооруканаларында жатат. Бирөө амбулатордук дарыланууда. Бир адам көз жумду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алгандардын саны 46 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Кыргызстан менен Тажикстан чыр чыккан жерде ок атууну токтотуу чечимине келди
Жаракат алган 46 кишинин 44ү ар кандай жаракат менен Баткендин ооруканаларында жатат. Бирөө амбулатордук дарыланууда. Бир адам көз жумган. 
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билсеңиз болот.