Чек ара чыры: каза болгон адам тууралуу эмне белгилүү

Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстан менен чектешкен аймактагы жаңжалдан улам кыргызстандык 30 киши жабыркап, бир адам каза тапты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Чек арада октон жаракат алып каза болгон жаран 1985-жылы туулган Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылынын жашоочусу болгон. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.
Кыргызстан менен Тажикстан чыр чыккан жерде ок атууну токтотуу чечимине келди
Белгилей кетсек, Тажикстан менен чектешкен аймактагы жаңжалдан улам кыргызстандык 30 киши жабыркап, бир адам каза тапты.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.