БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков чыр чыккан Баткен облусуна келип, ишке киришти.
Учурда ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте чек арадагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулап жыйын өткөрүүдө.
Эскерте кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров Баткенде чек ара аймагында чыккан жаңжал боюнча өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрүп, жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган. Топту Новиков жетектемей болгон.