Путин кайсы жерге кызыл чийин чийгенин Батыш жакшы билет

Россия өзү менен алака түзүүдө кызыл чийинден аттоого жол бербейт, ал кай жерден өтөрүн ар бир кырдаалда РФ өзү аныктайт.
Sputnik
Федералдык жыйындагы Владимир Путиндин кайрылуусундагы ушул айткандарын анын Мюнхендеги сөзүнө салыштырып, Россиянын тышкы саясаттагы жаңы манифести деп аташты. Кесиптешибиз Петр Акопов ушунун тегерегинде жана дүйнө кандай кабылдаганы тууралуу ой калчап, макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Чындыгында жаңы тарыхый мезгил башталды, РФ президентинин сөздөрү муну тастыктайт. Россия алсырап, калыбына келип, күчтөнүп, эми чабуулга өттү. Украина же Батышка багыт албай, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын ачык жана катуу коргомокчу.
Батыш менен пикири келишпеген Россиянын колунда көзүрү көбүрөөк. Эмне үчүн?
РФ тышкы жагдайга туура баа берген сайын дүйнөлүк аренада кадамы так шилтенип, ири геосаясий тактанын ар бир бурчундагы оюндарга активдүү катыша баштаган. Ал ансайын өзүнө атаандаш санаган тараптар Россияны дүйнөгө жаманатты кылып, ааламга коркунуч катары көрсөтүп, бөгөттөп, оолактатууга далбасташкан.
Крымдан кийинки жети жыл мындай аракеттер майнапсыз экенин айгинеледи. Дүйнөлүк масштабда андай нерсенин "казаны көпкө кайнабайт". Россияны ооздуктоо саясатынын жыйынтыктары дүйнөнүн кескин өзгөрүлгөнүн далилдейт.
90-жылдары Россияны эсептен чийишкен эле, Мюнхен жана Крым аркылуу ал күчтүү держава позициясына кайрадан ээ боло баштаганда Батыш айран таң калган. СССРдин масштабындагыдай болбосо да, "казино кожоюндарынын" бүт оюндарын бузууга жетишерлик деңгээлде кайткан. Муну аңдаганда атлантистчилер: "орустар келе жатат!", башкача айтканда орустар баарына кийлигишип жатышат деп кымгуут түшө башташкан. "Крым менен Сирия аларга аз келгенсип, Трампты да шайлап алышты, Brexit уюштура калышты" деген айыптоолор жаңырган... Ушул өңдүү көрүнүштөргө дүйнө көз салып келе жатканына бир далай болуп калды.
Анткен менен Россияны обочолонтуу аракеттери толугу менен тетири натыйжа берди. Батышта айтылгандай орустар ушунчалык күчтүү болсо, алар менен иш алып барып, ал тургай достошуу керек деген тейдеги маанай жаралды. Азия, Латын Америкасы, Африка үчүн Россия кошумча жарнамаланып, аталган державаны планетанын ар түрдүү аймактарына кайтышына өбөлгө болду.
Аскердик кубаттуулукту арттырууга чыгым өсүүдө. Дүйнөлүк тенденцияга сереп
Навальныйдын айынан "Түндүк агым – 2" долбоорун токтотуу боюнча коркутуулар жана санкциялар, Украинанын тегерегиндеги кырдаалды курчутуулар... Булардын баарын Батыш Россияга "кадыресе көрүнүш" катары таңуулоо аракетинде. Бирок Россия өзүнө сунушталган оюн эрежелерине көнбөй турганы анык. Батыш бирде Навальныйды, бирде Украинаны алып чыгып Россиянын көңүлүн алагды кылгысы бар. Ошону менен бирге эле бул эки тема тең Путин кеп кылган кызыл чийиндердин чегинен тыш. Балким бул ирет болуп калгысы бардыр деген үмүттө батыш муну жакшы түшүнүп турса да, улам Россиянын тамырын тартып көрөт.
Путиндин кайрылуусундагы бул сөздөр баарына – украиналык фронттогу да, РФтин улуттук кызыкчылыктары бар башка багыттагы да чагымчылыктарга багытталгандай. Албетте, Россия — глобалдык үстөмдүк дымагы күч өлкө эмес, дал глобалдык кызыкчылыктары бар держава.
Алар постсоветтик мейкиндикте гана тургай, алар Сирия менен Венесуэлада да, Вьетнам менен Сербияда, Египет жана Анголада да бар. Анан да, алар жаңы дүйнө тартибин түзүүдө маанилүү.