Кыргызстанга мобилдик клиникасы бар атайын унаалар алынат. Сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, трейлерде бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүчү бардык зарыл каражаттар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстанга беш трейлерден турган мобилдик клиника алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстанга беш трейлерден турган мобилдик клиника алынат
Министрлик Ford маркасындагы оор жүк ташуучу унааларга чиркелген мобилдик клиникалардын сүрөттөрүн көрсөттү. Алар Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен макулдашуунун алкагында алынды. Машиналар Казакстандын Курык портуна жеткирилип, Кыргызстанга сапар алды.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Нарын облусунда клиниканы жайгаштыруу боюнча даярдык иштери менен таанышууда.
"Министрлик эң алды менен республиканын алыскы райондорунун элине сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө умтулат. Климаттык шартына байланыштуу мобилдик клиникаларды Нарын облусуна коюу пландалууда", — деген Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүү. Парламент токтом кабыл алды
Клиниканын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараты, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу медициналык жабдууларды камтыган диагностика бөлүмү, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар, ошондой эле операциялык бөлүмү бар.
Трейлерлер менен кошо бейтаптарды ташуучу кичи автобус жана тез жардам унаасы берилет.
Мындан сырткары, макулдашууга ылайык беш жыл аралыгында мобилдик клиниканын иши, айлык акы, медицина кызматкерлеринин тамак-ашы, дары-дармектер менен камсыздоо жана башка чыгымдар Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.