"Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" аныкталып, 3 млн. сом берилди

Шаарларды баалоо үчүн деталдуу баалоо ыкмасы иштелип чыккан. Комиссия бардык чогултулган далилдерди, баяндамаларды жана ар кайсы муниципалитеттер берген документтерди пайдаланып, акыркы чечимин чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Сыйлык тапшыруу аземине БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонния Ожиело жана ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм дагы катышкан.
1 / 5
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары биринчи орунду ээлеп, 3 миллион сом берилди
2 / 5
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары экинчи орунду алып, 2 миллион сом берилди
3 / 5
Баткен облусунун Баткен шаары үчүнчү орунду ээлеп, 1 миллион сом берилди
4 / 5
Сыйлык тапшыруу аземине БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонния Ожиело жана ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм дагы катышкан
5 / 5
ЮНИСЕФ тарабынан демилгеленип, Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен эки жылда бир өткөрүлчү "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" улуттук сынагына Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Нарын, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Исфана болуп жалпы 18 шаар катышкан
ЮНИСЕФ тарабынан демилгеленип, Тынчтыкты куруу фондунун колдоосу менен эки жылда бир өткөрүлчү "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" улуттук сынагына Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Нарын, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Исфана болуп жалпы 18 шаар катышкан.
Сынактын жыйынтыгы боюнча:
Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү баалоо боюнча эң жогорку упайды топтогон 10 шаар "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" наамын алышты. Тизмеге жеңүүчүлөрдөн сырткары Кадамжай, Токмок, Нарын, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Ош жана Каракол шаарлары кирген.
Шаарларды баалоо үчүн деталдуу баалоо ыкмасы иштелип чыккан. 26 көрсөткүчтөн сырткары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте кыйла сапаттуу маалыматтарды топтоо боюнча изилдөө жүргүзүшкөн.
Комиссия бардык чогултулган далилдерди, баяндамаларды жана ар кайсы муниципалитеттер берген документтерди пайдаланып, акыркы чечимин чыгарган.