Айыл чарба министрлиги: кийинки муун суу жетпей кыйналат

Министрликтин маалыматына ылайык, жакшы жагына болжолдогон учурда деле апаат 50 жылдан кийин болуп кетиши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Акыркы ондогон жылдарда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 27 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Айыл чарбасын жана региондорду өнүктүрүү боюнча концепциясында айтылат.
Анда мөңгү 70 жылдан соң таптакыр калбай калышы мүмкүн экени белгиленген.
"70 жылдан кийин өлкөдө мөңгү такыр калбай, биздин кийинки муун суу тартыштыгы көйгөйүнө кабылышы мүмкүн. Бул оптимисттик көз караш менен алгандагы божомол. Экинчи жагынан караганда, антропогендик факторлордун көбөйүшү, түтүн жана температуранын жогорулап кетиши эске алынат. Бул мөңгүлөрдүн эришин тездетет, ал эми алардын аянтынын азайышы жылуулуктун тездешин шарттайт, мындай учурда апаатка 50 жылдан кийин кабылышыбыз мүмкүн", — деп белгиленет маалыматта.
Дүйнөдө суу талашкан согуш башталабы? Адистердин пикири
БУУнун маалыматы боюнча, 2018-жылы эле 148 өлкөдөн 17,2 миллион жаран климаттык ыңгайлуу жерди "башпаанектеген". Абанын табы 2 градуска көтөрүлгөн глобалдуу жылуулуктан улам 280 миллион адам аргасыздан жер которору болжолдонгон.
"Эгер биз азыртан баштап кардиналдуу чараларды көрө баштабасак, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн эли жер которгондордун катарын толукташы мүмкүн. Бул бир гана Кыргызстандын эле эмес, бүтүндөй аймактын көйгөйү", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик көйгөйдү чечүүнүн төмөнкүдөй жолдорун сунуш кылат:
Министрлик мындай чараларды ишке ашыруу үчүн эбегейсиз каражат талап кылынарын белгиледи.