Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарынын элесине арнап бак отургузду

Өлкө башчы мамлекеттик түзүмдөрдүн, жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлерин жана жалпы элди акцияга катышып, ата-бабалардын элесине таазим этип, ошондой эле аймактарды жашылдандырууга салым кошууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Эскерүү багы" акциясынын алкагында Бишкектеги Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборуна (балдар үйү — ред.) көчөт отургузду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
1 / 5
Президент Садыр Жапаров "Эскерүү багы" акциясынын алкагында Бишкектеги Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборуна көчөт отургузду
2 / 5
Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти
3 / 5
Анда президент иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгына арналганын айтып, жеңиштин дүйнө тарыхына тийгизген таасиринин маанисине токтолду
4 / 5
"Жеңишке жетүүдө согуш талааларында курман болгон ата-бабаларга, тылдагы эмгекчилерге таазим этебиз. Аталардын жана чоң аталардын эрдиги, баатырдыгы кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталып калат", — деди Жапаров
5 / 5
Өлкө башчы бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен кызматкерлерин, өлкөнүн катардагы жарандарын бул акцияга катышып, ата-бабалардын элесине таазим этип, ошондой эле аймактарды жашылдандырууга салым кошууга чакырды
Анда президент иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгына арналганын айтып, жеңиштин дүйнө тарыхына тийгизген таасиринин маанисине токтолду.
"Жеңишке жетүүдө согуш талааларында курман болгон ата-бабаларга, тылдагы эмгекчилерге таазим этебиз. Аталардын жана чоң аталардын эрдиги, баатырдыгы кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталып калат", — деди Жапаров.
Өлкө башчы бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен кызматкерлерин, өлкөнүн катардагы жарандарын бул акцияга катышып, ата-бабалардын элесине таазим этип, ошондой эле аймактарды жашылдандырууга салым кошууга чакырды.