Бала асыроо жөнөкөйлөштүрүлүп, атайын борбордогу балдардын саны азайды

Мамлекет башчысына балдарды асырап алуу кызматын сунуштаган автоматтык маалымат базасы бар электрондук портал көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бала асырап алуу процедурасын жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында атайын борборлордогу балдардын саны кыйла азайды. Бул тууралуу Бишкектеги Балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоонун адистештирилген борборунун директору Чолпон Арыкбаева билдиргенин президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4
Бала асырап алуу процедурасын жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында атайын борборлордогу балдардын саны кыйла азайды
2 / 4
Бүгүн, 27-апрелде, мамлекет башчы Садыр Жапаров аталган борборго барып балдарды коргоо чөйрөсүндөгү реформаларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты
3 / 4
Мамлекет башчысына балдарды асырап алуу кызматын сунуштаган автоматтык маалымат базасы бар электрондук портал көрсөтүлгөн
4 / 4
Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров аталган мекеменин директоруна балдарды ташуу үчүн унаа сатып алууга 700 миң сомдук күбөлүк тапшырды
Бүгүн, 27-апрелде, мамлекет башчы Садыр Жапаров аталган борборго барып балдарды коргоо чөйрөсүндөгү реформаларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.
"Буга чейин аталган борбордо 100гө жакын бала болгон болсо, асырап алуу процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында мындагы балдардын саны кыйла кыскарды. Учурда борбордо 24 бала тарбияланууда. Мындан тышкары, жалпы өлкө аймактарынан келген ден соолугунун жетилишинде өзгөчөлүктөрү бар жүзгө жакын бала реабилитация жана калыбына келтирүү курстарынан өтүп жатышат", — деди Арыкбаева.
Мамлекет башчысына балдарды асырап алуу кызматын сунуштаган автоматтык маалымат базасы бар электрондук портал көрсөтүлгөн.
Жапаров: 1-июлдан тарта жаңы мыйзамдар менен жашай баштайбыз
"Бул маалыматтык тутум менчиктин бардык түрүндөгү интернат тибиндеги мекемелерди камтыйт. Ал бала асырап алуунун жол-жобосун кыйла жөнөкөйлөтөт жана анын жардамы менен бала асырап алуу үчүн ар бир адам аралыктан кайрылып, арыз бере алат. Муну менен көптөгөн бюрократиялык жана коррупциялык тоскоолдуктар жоюлат. Бала асырап алуу үчүн арыздарды каттоо Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында электрондук түрдө жүргүзүлөт", — деп билдиришкен борбордон.
Ошондой эле кызматкерлер президенттен турак жай менен камсыздоо маселесин карап чыгууну суранышты. Жапаров жакынкы айларда бардык категориядагы жарандарга ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча мыйзам чыгаруу жаатында иш-чаралар көрүлөрүн айтты. Мамлекет башчы бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын этап-этабы менен жогорулатуу пландары жөнүндө дагы маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров аталган мекеменин директоруна балдарды ташуу үчүн унаа сатып алууга 700 миң сомдук күбөлүк тапшырды.