Паспорт кризиси: Мамкаттоо чет өлкөгө чыкчу жарандарга эскертүү берди

Документти текшерүүдөн өткөрүү жана персоналдаштыруу процесси 18 жумушчу күндө (31-майга чейин) аткарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспорт майдын аягында жарандардын колуна тиерин убадалап, жол-жобосу боюнча эскертүү берди.
Маалыматка ылайык, апрель айынын аягына чейин калкты тейлөө борборлорунда учурда колдонулуп жаткан (2006-жылкы) үлгүдөгү чет өлкөгө чыгуучу паспортту алууга документ тапшырса болот.
Ал эми 3-майдан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспортуна арыздарды кабыл алуу башталат. Документти текшерүүдөн өткөрүү жана персоналдаштыруу процесси 18 жумушчу күндө (31-майга чейин) аткарылат. Ошондой эле мындай үлгүдөгү паспортторду шашылыш түрдө, башкача айтканда, эки-үч күндүн аралыгында берүү процесси май айынын аягында башталары белгиленет.
"Ушуга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жакынкы аралыкта чет өлкөгө сапарларды пландаштырып жаткан жана паспортко муктаж жарандарды апрелдин аягына чейин паспорт алуу үчүн белгиленген тартипте кайрылууга чакырат", — деп жазылат маалыматта.
Мамкаттоо жарандарга берилген ашыкча ПИНди кароо мөөнөтүн кыскартты
Паспорт кризиси
Кыргызстандыктар жалпы жарандык паспорт ала албай үч айдан бери убара тартууда. Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү электрондук биометрикалык паспортторду берүүгө камынган. Бирок алар өз убагында даяр болгон эмес. Ал эми эски үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду чыгарууну токтотуп коюшкан. Мунун кесепетинен чет өлкөгө чыгуучу паспорттун тартыштыгы жаралды.
Ал арада Sputnik Кыргызстан агенттиги жарандарды тушап койгон паспорт кризиси эмнеден келип чыкканын иликтеген.