БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районундагы батирде түндө жалгыз калган эки жашар кыз Балдар үйүнө өткөрүп берилди. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин ӨКМ көп кабаттуу үйдүн жашоочулары 112 куткаруу кызматына түнкү саат 02:58де чалып, бекип турган батирде бала ыйлап жатканын айтышканын билдирген. Куткаруучулар атайын шаймандар менен эшикти ачып, баланы ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Милицияга батирде кичинекей кыз ыйлап жатат деген билдирүү 01:30да түшкөн. Баланын денесинде жаракаттар жок экени айтылат.
Алгачкы маалыматтар боюнча, эки жаштагы кыз атасы менен жашайт. Энеси чет мамлекетке иштеп кеткен.
Милиционерлер ата-эненин аты-жөнүн аныктап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Териштирүү иштери бүткүчө наристе Балдар үйүндө болот.
Укук коргоо органдары бала кантип жалгыз калганын аныктоодо. Материалдар Свердлов районунун балдар иштери боюнча комиссиясына өткөрүп берилет.