"Шамбала" тасмасы мыкты аталып, "Ника" киносыйлыгына ээ болду

"КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты кинокартинасы" наамына Кыргызстандыкынан тышкары, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандын режиссёрлору да ат салышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты фильми" номинациясы боюнча "Ника" киносыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Кыргыз режиссёру Артыкбай Сүйүндүков
"Сыйлык тапшыруу аземи 25-апрель күнү Москва шаарында болуп өттү", — деп айтылат билдирүүдө.
"КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты кинокартинасы" наамына Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандагы режиссёрлор да ат салышкан.
Салттуу баш кийимди даңазалаган "Элечек" китеби улуттук сынактан баш байге алды
Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган фильмдин дүйнөлүк премьерасы 2020-жылы июль айында Шанхай эл аралык фестивалында өткөн.
"Ника" киносыйлыгы 1987-жылы СССРдин кинематографисттери тарабынан түптөлгөн, негиздөөчүсү — Юлий Гусман. Киносыйлыктын жеңүүчүлөрү Кинематография искусствосу академиясынын мүчөлөрүнүн жашыруун берген добушу аркылуу аныкталат.
"Шамбала" фильми буга чейин бир нече эл аралык кинофестивалдарга катышкан.