Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев биротоло акталды

Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгарып, министрди актады. Чечим акыркы болуп саналат жана кайра даттанууга жатпайт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жогорку сот учурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди актап, ишине чекит койду.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов биротоло акталды
Жогорку соттон кабарлашкандай, министрге карата Бишкек шаардык сотунун чечими жокко чыгарылып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Мындан башка дагы 10 фигурант акталган. Алардын арасында Генералдык штабдын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Жаныбек Капаров дагы бар.
Жогорку соттун чечими акыркы болуп саналат жана кайра даттанууга жатпайт.