Бишкектеги маршруткаларда жол кире кандай болот? Мэриянын үч варианты

Мэрия маршруткаларда жол акысын кымбаттатуу элди тейлөөнүн сапатын жакшыртып, шаардагы экологиялык абалга өзүнүн оң таасирин тийгизет деген ишенимде.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы коомдук транспортто жүрүүнүн акысын жогорулатуу боюнча тарифтердин үч вариантын шаардыктардын кароосуна алып чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул боюнча Бишкек шаардык кеңешинин "Бишкек шаардык кеңешинин транспорт тармагындагы бир катар токтомдоруна өзгөртүү киргизүү" деп аталган токтом долбооруна карата регулятивдүү таасир этүүнүн анализи жарыяланган.
Тарифтерди көтөрүү боюнча үч вариант каралган:
Мэрия эң ылайыктуу деп экинчи сунушту атады.
"№ 2 вариант бардык тараптардын кызыкчылыгына туура келчүдөй", — деп билдиришкен муниципалитеттен.
Эгерде маршруткалардын жол киреси 15 сомго чыкса, транспорт мекемелери техникалык абалын жакшыртып, жүрүп турган курамды жаңылаары белгиленди. Мунун элди тейлөөгө жана калаанын экологиясына оң таасир тийгизери айтылды. Айлана-чөйрөгө зыянын азыраак тийгизген транспорт каражаттарын алуу күтүлүп жатканы кабарланды.
Коомдук талкуу беш күнгө созулуп, сунуш, пикирлерди transport305@mail.ru почтасына жөнөтүүгө болот.
Маршрутка айдоочулары иш таштайт деген маалымат боюнча мэрия үн катты
Жол кирени көтөрүү маселеси жылдын башында, тагыраагы, январь айында да көтөрүлүп, айдоочулар иш таштап, эл ташыганга чыкпай койгон.
Эл ташыган жеке компаниялардын жетекчилери Бишкектеги кичи автобустарда жол кирени 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылган. Ал кездеги мэр Балбак Түлөбаев маршруткалардын жол киресин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болгонун, бирок ага убакыт керектигин айткан.
Ал эми жол кирени кымбаттатуу боюнча маселе соңку ирет 23-апрелде көтөрүлүп, маршрутка айдоочулар жол кирени токтоосуз жогорулатууну талап кылып, эгер ал аткарылбаса ишке чыкпай коё турганын айтышкан эле.