Ташиев Кемпир-Абад боюнча Өзгөн эли менен жолугуп жатат. Сүрөттөр

Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо өтүп жаткан жыйынга 2 миңге чукул жергиликтүү жашоочу чогулду.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыккан Өзгөн районунун жашоочулары менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 2
Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыккан Өзгөн районунун жашоочулары менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушуу өткөрүп жатат.
2 / 2
Эске салсак, Өзгөн районунун жашоочулары суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыгып, суу жегине боз үйлөрдү тигип алышкан.
Эске салсак, Өзгөн районунун жашоочулары суу сактагычка караштуу жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп акцияга чыгып, суу жээгине боз үйлөрдү тигип алышкан. Анда элдин талабын угуу үчүн өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев барган. Бирок чогулгандар анын жообуна канааттанбай, Мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан эле.
"Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндөгү стадиондо өтүп жаткан жыйынга 2 миңге чукул жергиликтүү жашоочу чогулду. Келгендер колдоруна "Ата конуш, ата бейит, ыйык мурас жер-суулар элге таандык. Эч кимге бербейбиз", "Кыргыздын жер-суулары мамлекетке керек болбосо, элге керек", "Протокол жокко чыксын", "Кемпир-Абад элдики", "Жер-сууларыбызды берип чечкен чек ара маселеси бул чечим эмес!" деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушат", — деди кабарчы.
Ташиев сөз алып, жыйынды тынч өткөрүүгө, чогулган элди сабырдуулукка чакырды. Ал Өзбекстан менен чек арага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын түшүндүрүп берүү үчүн Өзгөнгө келгендигин айтты.
Буга чейин УКМК төрагасы ушул эле маселе боюнча Кара-Суу районундагы Савай айыл аймагынын Ынтымак айылынын эли менен жолугушкан