Иракта инфекциялык ооруканадагы жарылуудан өлгөндөрдүн саны 82ге жетти

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кычкылтек толтурулган баллон жарылып, адамдар иске ууланып каза табууда. Жаракат алгандар жүздөн ашты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ирактын борбору Багдадда коронавирус менен түшкөн бейтаптарды караган ооруканада жарылуу болуп, көз жумгандардын саны 82ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме кылуу менен РИА Новости жазды.
Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады
Ал эми жаракат алган 100дөн ашуун кишиге медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, кычкылтек толтурулган баллон жарылып, адамдар иске ууланып каза табууда.
Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Каземи тергөө бүткүчө оорукананын жооптуу адамдарын камакка алууну буюрду.