БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкектеги маршруткалардын айдоочулары кечээ калаанын вице-мэри Русланбек Акылбеков менен жолукканда жол кирени токтоосуз жогорулатууну талап кылып, эгер ал аткарылбаса ишке чыкпай кое тургандыктарын айтышты. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Вице-мэр менен жолугушууга транспорт компанияларынын жетекчилери, Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциацияларынын төрагалары жана машруткалардын айдоочулары келген.
Анда жол кире маселеси жана айдоочулар төлөп жаткан салыктын пайызын азайтуу талкууланган.
"Өз кезегинде айдоочулар жол кирени токтоосуз көтөрүүнү талап кылып, эгерде андай болбосо, эл ташыганга чыкпай кое тургандыктарын билдиришти", — деп айтылат маалыматта.
Вице-мэр суроолордун баары мыйзам жолу менен чечилиш керектигин, бул маселе боюнча мэрия иштеп жаткандыгын билдирген. Ал эми айдоочулардын ишке чыкпай коюшу коомдук транспорттун ишин үзгүлтүккө учуратып, шаар бийлиги менен эл ташыган фирмалардын ортосундагы келишимди бузгандык болорун эскерткен.
УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын кызматкери Санжар Канаев транспорт боюнча шаардык кызматка саботаж кылып, "коомдук терс пикир жаратуу максатын көздөгөн деструктивдүү күчтөрдү" табууга көмөк көрсөтүлөрүн жана бул боюнча мыйзам чегинде чара колдонуларын айткан.
Вице-мэрдин айтымында, тарифтерди көтөрүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Депутаттар бул маселени карашы үчүн документтер мыйзамга ылайык тиешелүү регламенттин бардык этаптарынан өтүшү керек.
Жол кирени көтөрүү маселеси жылдын башында, тагыраагы, январь айында да көтөрүлүп, айдоочулар иш таштап, эл ташыганга чыкпай койгон.
Эл ташыган жеке компаниялардын жетекчилери Бишкектеги кичи автобустарда жол кирени 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылган. Ал кездеги мэр Балбак Түлөбаев маршруткалардын жол киресин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр болгонун, бирок ага убакыт керектигин айткан.
Ал эми жол кирени кымбаттатуу боюнча соңку ирет маселе көтөрүлгөндө кечээ, 23-апрелде, Sputnik Кыргызстан агенттигине "Альянс бус" жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш таштоо ниети жок экендигин билдирген эле.