Афганистанда иштеп келген. Марипов өзүнө жаңы кеңешчи дайындады

Динара Руслан учурда CodifyLab Academy - Программалоо жана дизайн академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов коомдук башталыштагы кеңешчиликке Динара Русланды дайындады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Садыр Жапаров кимдин сөзүн угат. Ажонун кеңешчилери тууралуу маалымат
Ал учурда 30 жашта. Кезегинде Афганистандагы аскер базасында бир жыл эмгектенген. Андан соң АКШда бир нече жыл окуп жана иштеп, кийин Кыргызстанга кайтып келген.
Динара Руслан Sputnik Кыргызстанга берген маегинде ийгиликтери жана билим алууга жасаган аракеттери, дегеле жалпы жашоосу тууралуу айтып берген.