11 жылдан кийинки жеңиш. Боксчу Ташиев дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Кыргызстандык спортчу 64 килограмм салмакта таймашып, Сербия, Армения, Россия өлкөлөрүнөн келген боксчуларды уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Жантөрө Ташиев бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге утту. Бул тууралуу Эл аралык бокс ассоциациясынын расмий сайтында айтылат.
1 / 2
Кыргызстандык мушкер Жантөрө Ташиев (сол жакта) бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге утту
2 / 2
Чемпионат Польшанын Кельце шаарында өттү. Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу 64 килограмм салмакта таймашып, Сербия, Армения, Россия өлкөлөрүнөн келген боксчуларды уткан
Чемпионат Польшанын Кельце шаарында өттү. Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу 64 килограмм салмакта таймашып, Сербия, Армения, Россия өлкөлөрүнөн келген боксчуларды уткан.
Атаандашы 7-раунддан кийин чыкпай койду. Боксчу Акжолдун жеңиши видеодо
Жарым финалда ал украиналык Бозорбой Матякубовго упай айырмасында утулуп, коло медалга ээ болду.
Бул Кыргызстандын бокс тарыхында жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан 11 жылдан берки ээ болгон биринчи медаль.
Эскерте кетсек, 2010-жылы кыргызстандык мушкер Исламжан Далибаев Бакуда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль уткан.