Суусу тартылган Токтогул суу сактагычынын түбүнөн эмнелер чыкты. Сүрөт, видео

Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өтө аз, тагыраагы, 8,6 миллиард кубометр. Мындан улам президент электр кубатынын баасын карап чыгууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы Токтогул суу сактагычындагы суу өтө азайып кетти.
"Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, учурда суунун көлөмү 8,6 миллиард кубометрди түзөт. Агып кирген суунун орточо көлөмү секундасына 463 кубометрди, ал эми агып чыкканы 371 кубометрге жетүүдө.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Токтогул суу сактагычында болуп, объектинин азыркы абалын сүрөткө тартып келди. Анын кургап калган бөлүктөрүндө мындан бир нече ондогон жыл мезгил мурун суу сактагыч курулганда суу алдында калган курулуштардын, тамдардын жерпайы, калдыктары көрүнүп калган. Ал тургай оргуп чыгып жаткан булакты байкоо кыйын эмес.
1 / 8
Кыргызстандагы Токтогул суу сактагычындагы суу өтө азайып кетти
2 / 8
"Электр станциялары" ишканасынын маалыматына караганда, учурда суунун көлөмү 8,6 миллиард кубометрди түзөт
3 / 8
Агып кирген суунун орточо көлөмү секундасына 463 кубометрди, ал эми агып чыкканы 371 кубометрге жетүүдө
4 / 8
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Токтогул суу сактагычында болуп, объектинин азыркы абалын сүрөткө тартып келди
5 / 8
Анын кургап калган бөлүктөрүндө мындан бир нече ондогон жыл мезгил мурун суу сактагыч курулганда суу алдында калган курулуштардын, тамдардын жерпайы, калдыктары көрүнүп калган
6 / 8
Ал тургай оргуп чыгып жаткан булакты байкоо кыйын эмес
7 / 8
Токтогул ГЭСин куруу үчүн 1974-жылдары 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келген
8 / 8
Ошондой эле кирпич заводу менен аэропорт суу алдында калган
Токтогул ГЭСин куруу үчүн 1974-жылдары 25 айылдагы 18 миң адамды көчүрүүгө туура келген. Ошондой эле кирпич заводу менен аэропорт суу алдында калган. Ал кезде 10 миңге чукул мүрзөдөгү сөөктү кайра көмүшкөнү менен алардын бир бөлүгүн таштоого аргасыз болушкан. Жакында эле Токтогул суу сактагычынын жээгине чыгып калган сөөктөр чогултулуп, жалпы 22 мүшөк менен Кара-Тектир айылындагы мүрзөгө көмүлгөнү айтылган болчу.
Токтогул суу сактагычында суу азайды. Жарык кайрадан өчүрүлө баштайбы?
Эске салсак, суу сактагычтагы эң көп көлөм — 19,5 миллиард куб метр, минималдык деңгээл 5,5 миллиардды түзөт.
Токтогул ГЭСи — өлкөнүн ири станциясы жана энергетикалык кыркасы, Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугунун үчтөн бир бөлүгү. Жылытуу мезгилин өткөрүү көбүнесе ушундай эле аталыштагы суу сактагычтагы көлөмгө байланыштуу.
Жакында эле президент Садыр Жапаров электр кубатынын баасын карап чыгууну сунуштады.
Ал төмөнкүчө:
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев лимит жана 1000 киловатт-сааттан ашкандан кийин төлөй турган электр кубатынын жогорку баасы колдонууну көбөйтүп жибербей кармап туруу үчүн сунушталганын айтты.