БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы катталган коронавирус илдетинин дээрлик жарымы "британиялык" жана башка мутацияланган штаммдарга кирет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Буга чейин Кыргызстанда коронавирустун "британиялык", "индиялык", "түштүк африкалык" штаммдары жана Россияда табылып жаткан мутациясы аныкталганы кабарланган.
Министрдин айтымында, Новосибирскидеги лабораторияда жүргүзүлгөн изилдөөлөр Кыргызстандан жиберилген үлгүлөрдүн жарымы вирустун жаңы штаммына кирерин көрсөткөн. Sputnik агенттигинин журналисти өткөн суткада вирус жуктургандардын жарымынан жаңы штамм табылды деп айтса болор-болбосун тактап сурады (өткөн суткада КРде коронавирус 380 кишиден табылган).
"150-200 учур коронавирустун мутацияланган формасы. Тагыраагы, "британиялык", "бразилиялык", "түштүк африкалык" штаммдар. Биздин лабораторияларда штаммдардын түрүн аныктоо мүмкүн эмес, ошондуктан үлгүлөрүн Россияга жөнөтөбүз. Кечээ жыйынтыгы келди. Үлгүлөрдүн 50 пайызы COVID-19дун жаңы штаммы болуп чыкты. Вирус дагы жашагысы келет. Бейтаптарды дарылоо учурунда вирус өзгөрүп, мутацияланат. Кыргызстандык дагы штамм болушу мүмкүн", — деди министр.
Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда COVID-19 илдетинин VUI-202012/01 деген жаңы мутациясы аныкталган. Кийинчерээк вирустун бул түрү мурдагысына салыштырмалуу 70 пайызга тез тарай турганы маалымдалган (кээ бир маалыматтар боюнча 56 пайызга тез тарайт). Премьер-министр Борис Жонсон аныкталган мутация эскисине салыштырмалуу адам өлүмүн 30 пайызга жогорулатып коёрун билдирип, 70 пайызга жугуштуу экенин айткан. Анткен менен бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулар муну расмий тастыктай элек. Акыркы айларда VUI-202012/01 вирусу кеминде 80 мамлекеттен табылган.