БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент уу коргошундан дарыны кандай шартта жасап жатканын текшерүүнү сунуштады.
Эл өкүлү төрагага кайрылып, бул боюнча депутаттык комиссия түзүп же тармактык комитетке тапшырма берүү керектигин айткан.
"Өткөн жумада дүйнөгө өтө шылдың болдук. Биз баа берип же текшеришибиз керек. Саламаттык сактоо министри коронавирус күчөп жаткан маалда уу коргошунду жарнамалап жатат. Президент менен каерде кайнатып отурганын текшерели. Резиденция мамлекеттик мекеме, өзү билемдик кылбашы керек. Депутаттык комиссияга илимпоздорду чакыралы, эгер туура деген тыянак берсе, тескерисинче, президентке медицина илимдеринин доктору наамын берели", — деди Бекешев.
Ошондой эле ал дарыгерлер министрликтин басымынан коркуп уу коргошундун кесепети тууралуу айта албай жүргөнүн белгиледи.
Уу коргошун чуусу
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.
Ал арада уу коргошунга ууланып Бишкекте төрт адам ооруканага түштү.