Оштогу бала бакчада кыз сабалды деген маалымат боюнча териштирүү башталды

Жабырлануучу кыздын энеси шаардык милицияга арыз менен кайрылып, бир нече сүрөттөрдү социалдык тармакка жайгаштырган.
Sputnik
ОШ, 21-апр. — Sputnik. Ош шаарында "Жасмин" балдар бакчасында беш жаштагы кыздын сабалышы боюнча териштирүү иштери башталды. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктады.
Ушул жылдын 6-апрель күнү Ош шаарынын 34 жаштагы тургуну шаардык милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
Жабыркаган кыздын энеси Instagram баракчасына бир нече сүрөттөрдү жарыялаган.
Ал беш жашар кызын Ош шаарындагы "Жасмин" балдар бакчасында 5-апрелде аталган бакчанын кызматкери сабап, денесине залал келтиргендиги тууралуу жазып, кызматкерге карата тиешелүү жаза берүүнү суранган.
Бишкекте кичинекей бала үчүнчү кабаттан кулап кетти
Аталган арыз Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Факт боюнча окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүп, бала бакчанын кызматкерлери суралган.
Кыздын алган жараатын аныктоо максатында тиешелүү соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.
Бала бакчанын күнөөлөнүп жаткан кызматкери бөбөккө кол көтөрбөгөндүгүн айтып көрсөтмө берген. Милициядан учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатканын айтышты.