Диетолог сулу боткосунун ден соолукка зыян жагын айтты

Адис ичи ооруп тургандарга сулудан көрө ак күрүч, буудай же жүгөрү акшагынан жасалган ботколор жакшы экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Сулу боткосунда өсүмдүк буласы көп болгондуктан ичеги-карындын айрым оорулары менен жабыркагандарга зыян. Бул тууралуу америкалык диетологдорго таянуу менен "Известия" жазды.
Адистин айтымында, ичеги-карын менен ашказаны ооруп, дүүлүгүп турганда ак күрүч, буудай же жүгөрү акшагынан жасалган ботколор жакшы.
Диетолог ден соолугу чың адам деле сулу боткосун дайым жей бербеши керектигин айтты.
"Эгер сулу боткосун нак сүт менен жасаса майлуу болуп калат, ал эми ага шекер же бал кошсо калориясы менен углеводу көбөйөт. Мунун, албетте, пайдасы жок. Ошондой эле тез даярдалган боткодон баш тартууга чакырам, аларда ар кошкондун баары бар", — деген адис.
Диетолог боткону майы жок же өсүмдүк сүтү менен даярдоону сунуштады. Ошондой эле дүкөндөн жөнөкөй эле сулуну сатып колдонуу пайдалуу деген. Боткого жемиш, жаңгак, корица жана башка азыктарды өз алдынча кошуп жесе болот.