Жекшембиде Бишкектин дагы 8 көчөсүндө оңдоо иштери башталат. Тизме

Жол оңдоодон сырткары тротуарлар калыбына келтирилип, ирригациялык системалар оңдолору дайын болду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 25-апрелден тарта Бишкектин дагы сегиз көчөсүндө оңдоо иштери жүрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иштер Кытай грантынын эсебинен "Бишкек шаарынын жолдорун өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында аткарылары белгиленди.
Көчөлөр оңдолуп-курулуп, эки тарабындагы тротуарлары жана ирригациялык тутуму менен кошо реконструкцияланат^
"Урматтуу шаардыктар, унаа ээлери! Аба ырайына байланыштуу 25-апрелден тарта жогоруда айтылган участкаларда жол кыймылы маал-маалы менен чектелет. Жолдор толук жабылып, оңдоо иштеринин башталышы 1-майга пландалган", — деп айтылат билдирүүдө.
"Бишкек шаарынын көчө жолдорун өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул мезгил аралыгында беш көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырым болгон 60 көчөнү оңдоо пландалган. Бул тизмедеги көпчүлүк көчөлөр кеңейтилет же кайрадан курулат. Баарынын эки тарабындагы тротуарлар жана ирригациялык системасы кошо бүткөрүлөт.
Бул долбоорго кытайлык China Road and Bridge Corporation корпорациясы подрядчы болору айтылды.