Кыргызстанда автоунаа импортунун көлөмү эки эсеге азайды

2021-жылдын январь-февраль айларында өлкөгө 1 560 авто алып келинген. Былтыркы жылдын ушул эле маалында 3 392 машина киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанга жеңил автоунааларды ташуунун саны эки эсеге азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.
Билдирмеге караганда, 2021-жылдын январь-февраль айларында өлкөгө 1 560 машина алып келинген. Былтыркы жылдын ушул эле маалында 3 392 автоунаа киргизилген болчу.
Кыймылсыз мүлккө акча салуу пайдалуубу? Артыкчылыгы, кемчилиги
Маалыматта машиналар Казакстандан көп кирбей калганы айтылат. Аталган мамлекеттен көлүктүн саны 2 205тен 45ке чейин кыскарган. Россиядан келген автолордун саны 1 071ден 807ге чейин азайган.
Ошол эле учурда Түштүк Кореядан көп автоунаа алып келине баштаган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, аталган мамлекеттен келген көлүктөрдүн саны 10дон 405ке чейин көбөйгөн.