Элмирбектин жаштыгы, тагдыры, өксүткөн өлүмү... Акындын сүрөттө калган элеси

Sputnik

Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.

Элмирбек Иманалиевдин күндөлүгүнөн. Бир келген өмүрдү майнаптуу жашагым келет...
Sputnik агенттиги өнөрпоздун жаштыгын, сүйүүсүн, үй-бүлөсүн, чыгармачылык жолун баяндаган сүрөттөрдү сунуштайт.

Акын 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. 15 жашынан төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катышып таанылган. Казак-кыргыз журтчулугуна төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. 2016-жылы ага КРдин эл артисти наамы берилген.

1 / 21
Элмирбек Иманалиев 1993-жылдан тарта төкмө акындардын республикалык, эл аралык конкурстарына, фестивалдарына катыша баштаган. Сүрөт 1993-1994-жылдары "Ак таңдай" сынагында тартылган.
2 / 21
20 жыл мурунку сүрөт. Алп акындардын жаш кези.
3 / 21
Элмирбек Иманалиев устаты Тууганбай Абдиев жана башка теңтуштары менен
4 / 21
Бул кадрда Элмирбек Иманалиев кинорежиссер, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев жана азыркынын белгилүү төкмөсү Азамат Болгонбаев менен
5 / 21
Элмирбек Иманалиев ар тараптуу талант эле. Ал төкмө акын, жазма акын, обончу, ырчы, актёр, манасчы катары таанылып, жалпы элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
6 / 21
Иманалиев айтылуу Токтогул акындын эң жакын үзөңгүлөш өнөгү Эшмамбет Байсейит уулунун жээн чөбөрөсү экендигин белгилей кетели
7 / 21
Акын Элмирбек Иманалив ырчы Гүлбү Ороскул кызы менен. Эки өнөрпозду чыгармачылык гана эмес, турмуштук жол дагы бириктирген.
8 / 21
Эки таланттын күлгүндөй жаш кези. Сүрөттө алар группалаштары менен.
9 / 21
Элмирбек акын Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүрсө, Ороскул кызы Муратаалы Күрөңкеев атындагы училищеден билим алган.
10 / 21
Өнөр адамдары Айзуура жана Сезим аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар кийинчерээк эки ача жолго түшкөн.
11 / 21
2016-жыл. Акындын тун кызы Айзуура Иманалиева турмушка узап жаткан кез. Сүрөттө кыздан тышкары Элмирбек Иманалиев, Гүлбү Ороскул кызы жана алардын күйөө баласы Мирзат Муканов.
12 / 21
Жубайы Нурзат медицина кызматкери. Өзү өнөрдөн алыс болсо да күйөөсүнүн айтыштарын калтырбай көрүп, күйөрмандык кыларын айтканы бар.
13 / 21
Нурзат айым Элмирбек экөө башында байке-карындаш катары эле сүйлөшкөнүн, кийин билинбей жүрүп эле жакын болуп кеткенин баяндап берген
14 / 21
Жубайлар үч уул, бир кыздуу болушкан
15 / 21
Элмирбек Иманалиев улуу жана кичүү муундагы шакирттери менен
16 / 21
Акын 2016-жылы маданиятка кошкон салымы үчүн КРдин эл артисти наамына ээ болгон
17 / 21
Ак таңдай акын 42 жашында каза тапты. Өзү өтсө дагы өнөрү түбөлүк экени шексиз. Туугандары анын атындагы коомдук фонд негиздеген.
18 / 21
Иманалиев ооруканадан көз жумган, анын кант диабети менен жабыркап жүргөнү айтылган.
19 / 21
Акындын иш бөлмөсү бош калды... Сүрөттө комуздары, чапаны жана сыйлыктары.
20 / 21
Жубайы Нурзат Абдрашитова редакцияга берген маегинде жашоо жолдошу бардагыдай эместигин, сагынычы күч алганын айткан.
21 / 21
Элмирбек Иманалиев жубайы Нурзат жана жакын досу, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов менен. Тилекке каршы, Ажыматов Иманалиев көз жумгандан 9 күндөн кийин каза болгон.