Бишкекте тротуарда турган велосипедченди автоунаа коюп кетти. Окуянын видеосу

Видеодон көрүнүп тургандай, жөө адамдар өтчү чийинден өтүп барып тротуарга токтогон велосипедченди жолдон чыгып кеткен минивен артынан сүздү.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте велосипедчен адамды тротуарда турган жеринен жеңил автоунаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Sputnik редакциясына кырсыкка күбө болгон адам кабарлап, видеокөзөмөлгө тартылып калган кадрларды жиберди.
Күбөнүн айтымында, окуя кечээ, 19-апрелде, Түштүк магистралда болгон.
Видеодон көрүнүп тургандай, жөө адамдар өтчү чийинден өтүп барып тротуарга токтогон велосипедченди жолдон чыгып кеткен минивен артынан сүзөт.
Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, окуя 19-апрель күнү саат 16:55тер чамасында болгон. Анда Токомбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бараткан Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинен Mercedes-Benz машинасы менен кагышкан. Андан кийин Токомбаев көчөсү менен батышты көздөй бараткан велосипедченди сүзгөн. Азыркы учурда эки унаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулду. Жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.