Апрель айында Бишкектин тургундарына коммуналдык төлөмдөрдү төлөө үчүн бирдиктүү квитанция берилет. Аталган эсеп-дүмүрчөктөр убакытты үнөмдөп, үй-бүлөнүн чыгашасын пландоого жардам берет. Бул тууралуу Нурлан Эшенбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бирдиктүү квитанция механизми чыгымдарды азайтуу максатында киргизилүүдө.
"2016-2017-жылдары коммуналдык кызматтардын жети түрү камтылган бирдиктүү квитанция берүү үчүн "Кыргыз почтасы" менен айрым кичи райондордо жумуштар башталган болчу. Бирок кандайдыр бир себептерден улам ишке ашпай калган. Бүгүнкү мезгилдин талабына жараша долбоор кайрадан жанданды. Азырынча квитанцияга газ, лифт (Бишкекгорлифт), ысык суу жана жылытуу (Бишкектеплосеть), муздак суу жана саркынды суулар (Бишкекводоканал), таштандыларды чыгаруу (Комтранском) кызматтары кирет. Бирдиктүү квитанцияга "Түндүк электр", "Тазалык" (таштанды чыгаруу) жана "Бишкек жылуулук энерго" кызматтары үчүн эсептер киргизилген эмес. Анткени аталган ишканалар учурда карызын өндүрүп жатат. Алар да жалпы механизмге киргизилет. Учурда бул бир айга эсептелген пилоттук долбоор. Азыр жеке компания шаардыктарга бирдиктүү дүмүрчөктөрдү жеткирип берүүдө. Убакыттын өтүшү менен келишим түзүү пландалып жатат. Ал эми алдыда квитанцияларды электрондук түрдө таркатуу планы бар", — деди Эшенбаев.
Ал долбоор толук кандуу иштеши үчүн дагы бир нече этаптан өтөрүн кошумчалады.