Бишкекте үйлөргө коюлган газ жабдууларын текшерүү иштери башталды

Контролерлор турак жайларды кыдырып газ плиталары менен от казандардын коопсуздук талаптарына дал келерин текшерет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы Бишкек шаарындагы жеке секторлорго инвентаризация жүргүзөрүн маалымдады.
Анын алкагында бүгүндөн баштап компаниянын контролерлору турак жайларды кыдырып, газ плиталары менен от казандарынын коопсуздук талаптарына дал келерин текшерет.
"Коопсуз колдонуу милдети газ жеткирген компанияга да, керектөөчүлөргө да жүктөлгөнүн белгилейбиз. Инвентаризация учурунда үй ээси алмашканын билүү үчүн абонент тууралуу маалыматты жаңылоо иштери жүргүзүлөт. Аны менен катар газ жабдуу системасына кошуу эрежелери жана нормалардын сакталышы, жаратылыш газын керектөөчүлөргө туура көлөмдө бөлүнүшү каралат", — деп айтылат маалыматта.
Бишкектин айрым жерлеринде үч күн бою газ жок болот
Ошондой эле компания текшерүүгө келген адамдын "Газпром Кыргызстандын" кызматкери экенине ынануу үчүн кызматтык күбөлүгүн, газ жабдууларын текшерүүгө берилген уруксат кагазын жана фирмалык формасын кароо керектигин эскертет. Болбосо контролердун аты-жөнүн Бирдиктүү маалымат кызматына 4444 номери (чалуу акысыз) аркылуу чалып, суроо сунушталат.