УКМК Алмаз Кененбаев кармалды деген маалыматты төгүндөдү

Кененбаев президенттик аппаратта 2020-жылдын октябрына чейин иштеп, Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. УКМК президенттин аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Алмаз Кененбаев кармалды деген маалыматты төгүндөдү.
Матраимовдун кылмыш иши кыскартылып, эркиндикке чыкты
Sputnik Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы менен байланышканда мындай кабарды фейк деп атады.
Алмаз Кененбаев президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп 2018-жылдын август айынан 2020-жылдын октябрына чейин иштеген.