"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жолдошунун жасаган мамилесинен запкы жеп жашап жүргөнүн айткан келиндин каты жарыяланат.
Өлкөбүздө жакында эле болуп өткөн Айзаданын окуясы менин да жүрөгүмдү оорутту. Чынында эле Кыргызстанда кор болгон аялдар абдан көп. Интернеттен ар кандай жүрөк үшүн алган окуяларды окуп, коркосуң. Тааныш курбулардан, келиндерден да күйөөлөрүнүн кылыктарын көп угам. Биринин күйөөсү кызыл камчы, кызганчаак, жалкоо болсо, айрымдары кыз-келиндин бирин да кур кетирбеген аял жандуу. Мен да өзүмдү запкы көргөн келиндердин катарына кошом. Бирок менин күйөөм кол көтөрбөйт, ары-бери деле баспайт. Бирок ар нерсени айтып мээмди жей берет.
Өткөндө бир психологдун пикирин окусам, бул да зомбулуктун бир түрүнө кирет экен. Кызганып, үй оокатына киришип, акчаны эсептеп эле ар нерсени айтып, басса-турса эле мыңкылдап сүйлөнгөндү жакшы көрөт. Көп урушабыз. Маани бербей койсоң, "мени тоготпойсуң, мен киши эмесмин да" деп баштайт. Уруша кетсең жаңжал күчөйт. Өзү жарытылуу деле иштебейт, бирок бир аз таап келген акчасынын ар бир тыйынына чейин иликтейт. Көчөгө чыгып келсең кызганып ар нерсени айтат. Ушунчалык тажап кетем. "Урбаса жашай бербейби" дээрсиздер, бирок мындай адам менен жашоо абдан оор. Кээде ушундан көрө бирөөнү таап алса, мээм тынч болот эле деп ойлоп кетем.
Ортодо эки балабыз бар. Уруп, денеңди оорутпаганы менен күйөөң жемекор болсо да ден соолугуңдан айрылып калат экенсиң. Азыр башым, жүрөгүм көп ооруйт. Сүйлөшмөк турсун күйөөмдүн үнүн уккум келбейт. Башка нерсени сүйлөп жатса деле наалып баштагандай угулчу болду. Мүмкүн "баягысын качан баштар экен" деп жүрөгүм зырпылдап тургангабы, айтор, көңүлүм көк таштай калды. Өзүм үйдө кийим тигип иштейм. Буга кантип мамиле кыларымды да билбей калдым.
Баш кошкон он жылдан ашык убакыттан бери эле урушуп-талашып келе жатабыз. Экөөбүз кыз-жигит болуп, сүйүшүп деле үйлөнгөн эмеспиз. 21 жашымда күч менен алып берип коюшкан. Ал менден беш жаш улуу. Өзүмдү бактылуу сезбейм. Психолог менин тагдырыма кандай пикир айтар экен. Мындай адамдарга кандай мамиле кылса туура болот?
Муратбек Султанбеков, "Психоанализ КГ" психотерапия борборунун жетекчиси, психолог:
— Азыр Айзаданын өлүмүнөн кийин коомчулукта абдан кызуу талкуулар жүрүп, пикирлер айтылууда. Бул окуяны ар бирибиз коңгуроо катары кабыл алышыбыз керек. Мындан улам көп жаштар, үй-бүлөлөр да ойлоно баштады. Ар кандай ой-пикирлер айтылды.
Үй-бүлө курарда ар бир адам терең ойлонушу керек. Бул олуттуу кадам. Үй-бүлөнүн түзүлүшүнө ата-эне, жакындары да катышканы жакшы. Ал эми ала качууга келсек, ал кыргыздын салты эмес. Болгону согуш мезгилинде болгон көрүнүштөр катары калып калган жаман адат. Илгери, кайсы бир жылдары ар кайсы уруулар согуштук жортуулдардан улам бөксөрүп, азайып калгандыктан басып, чаап алган журттан, бөлөк уруудан кыздарды ала качып келген учурлар болгон. Бирок бул туура эмес көрүнүш. Азыр ала качууну адам уурдоо катары гана кароо керек.
Үй-бүлө курууда эки адам өзүнчө жашап калса эле үй-бүлө түзүлүп калбайт. Түгөйлөр көп жолду басып өтүшөт. Ортодо бири-бирин жакындан биле башташат. Эки жаш үйлөнүп жатканда баарын жети өлчөп, бир кесиши керек. Бизде эркектер көбүнчө жубайына "эркек төрөбөйсүң же толуп кеттиң, кебетең мындай" деген өңдүү сөздөрдү айта баштайт. Жубайлар кандай кыйынчылык болсо да чогуу көтөрүп кетүүгө бел байлашсын. Ошондой эле балдардын да ата-энесинин, чоң ата-чоң энесинин жана жакындарынын мамилесин карап, үй-бүлө тууралуу түшүнүгү калыптанат. Алар баалуулуктарды аздектөөнү үйдөн үйрөнөт. Азыркы заманда үй-бүлө институту жок. Биздин жарандар үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу түшүнүктөрдү интернеттен же сырттан алып жатышат.
Бул каттагы жубайлар эки балалуу болушуптур, келин жолдошунун маңыз экенин жана үйгө алып келген тыйын-тыпырын эсептей берерин жазып жатат. Бирок башка жагынын караганда күйөөңүз айрым эркектердей тапкан акчасын талаага чачпай, бөтөлкөгө коротпой үйгө жумшап жатпайбы. Демек, үй-бүлөсүнүн алдындагы жоопкерчилигин билет. Каттын ээси да өз жашоосун, жолдошунун мамилесин башка жагынан да карап, оң жактарын да санап көрүшү абзел. Анткени бул келинди да ала качып келиптир, жолдошун сүйбөсө да эки бала төрөптүр. Ушуга чейин мүмкүнчүлүгү болсо да кетпей, ажырашпай жашаган экен. Демек, баары жаман эмес. Мүмкүн "эл эмне дейт?" деген чыгар. Ошентсе да ушунча жашагандан кийин оюн, үй ичиндеги мамилени өзгөртүүгө аракет кылыңыз деп кеңеш берер элем. Аял өзүнө карата жасалган мамилени, көз карашты өзү куруп чыгуусу зарыл. Бул оңой иш эмес. Уруш-талашка жеткирбей, үйдөгү атмосфераны өзгөртүп, эс алууга чыгууну, балдарды ойнотууну же кандайдар бир позитивдүү маанай жаратууну колго алган оң. Буга көп деле акчанын кереги жок. Азыр көп үй-бүлөлөр акча табуунун артына тушүп алгандыктан бирге эс алууну, балдарга көңүл бурууну экинчи планга таштап, материалдык түйшүктөн чыга албай калышты. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда пародоксалдуу өз ара мамилелер болот. Мисалы, күйөөсүнүн башына мүшкүл иш түшкөндө аялы көтөрүшүп кеткен же колдогон учурлар эркектин жүрөгүндө калып, ошол жакшылыгы баарын жаап кетет. Же, тескерисинче, күйөөсү дайыма аялынын көңүлүн алып турган учурлар кездешет.
Жубайлардын бири-биринин жаман жагын эстеп, айта бергени да болбойт. Эгер экөөнүн ортосунда жагымсыз кырдаал жаралган болсо, аны өз ара талкуулап алганы жакшы. Ажырашып кетүү оңой, ага эмгектин да, акылдын да кереги жок. Бирок туруктуу, жакшы үй-бүлө куруу кыйын, көп эмгекти талап кылат. Үй-бүлө — бул сиздин эң жакын адамдарыңыздын уясы. Сиздер бири-бириңиздерди колдоого, жакшы мамиле жасоого аракет кылышыңыздар керек. Жаңыча, жакшы мамиле түзүүгө белсениңиз.