Жапаров этникалык кыргыздарга жарандык берүү жарлыгына кол койду

Президент Жарандык маселелер боюнча комиссиянын сунушунун негизинде тийиштүү жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 111 адам Кыргызстандын жарандыгын алды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Афганистан менен Кытайдан келген этникалык кыргыздарга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жарлыкка ылайык, 111 адам Кыргызстандын жарандыгын алды. Алардын 60ы чоң киши болсо 51и бала. Булардын бардыгы тең Афганистан менен Кытайдан келген этникалык кыргыздар.