Пригородное айыл өкмөтүн басып алуу боюнча милиция кылмыш ишин козгоду

15-апрель күнү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратына бир нече аял кирип барып, талаптарды коюшкан. Ал жерде насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Чүйдөгү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын басып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.
"Сотко чейинки өндүрүш КР Жазык кодексинин 208-беренесине ("Жайды, имаратты же курулманы өзү билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу") ылайык  ачылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, 15-апрель күнү Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын бир нече аял басып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Анда насыянын айынан үйлөрүнөн ажырап калуу кооптуулугуна кабылган 10дой аял имаратка кирип алып, бензин толтурулган бөтөлкөлөрү менен өздөрүн өрттөй турганын айтышкан болчу.
Облус башчысы: имаратты басып алган аялдар жоопко тартылбайт
Окуя болгон жерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, вице-премьер Улукбек Кармышаков келген. Андан соң аялдардын жарымы вице-премьер менен Бишкекке чыгып, премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушкан.
Жанын кыюуга даяр аялдардын маселесинен президент Садыр Жапаров да кабардар болгону айтылган.