Садыр Жапаров жугуштуу илдеттер ооруканасындагы "кызыл зонага" барды. Сүрөттөр

Учурда аталган ооруканада 354 бейтап дарыланып жатат, алардын 14ү өтө оор, 144ү оор абалда жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде, Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасындагы "кызыл зонага" барганын маалымат кызматы билдирди.
1 / 7
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде, Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасындагы "кызыл зонага" барганын маалымат кызматы билдирди
2 / 7
Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев учурда 354 бейтап дарыланып жатканын, алардын 14ү өтө оор, 144ү оор абалда экенин белгиледи
3 / 7
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, үчүнчү толкунга даярдануу алкагында бардык медициналык мекемелерде дары-дармектин жетиштүү кору бар экендигин белгиледи
4 / 7
Мындан сырткары, бөлүнгөн 200 миллион сом керектүү дары-дармектерди жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жумшалары айтылды
5 / 7
Ошондой эле коронавирустан дарыланып чыккан учурларга 157 миллион сом каралган
6 / 7
"Кызыл зонада" мамлекет башчысы бейтаптардын, анын ичинде реанимация бөлүмүндөгү абалы өтө оор болгондордун саламаттыгынан жана дарылоо шарттарынан кабар алды.
7 / 7
Ал жактан чыккандан кийин Садыр Жапаров медицина кызматкерлери менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүнө кызыкты.
Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев учурда 354 бейтап дарыланып жатканын, алардын 14ү өтө оор, 144ү оор абалда экенин белгиледи.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларга токтолуп, үчүнчү толкунга даярдануу алкагында бардык медициналык мекемелерде дары-дармектин жетиштүү кору бар экендигин белгиледи.
Мындан сырткары, бөлүнгөн 200 миллион сом керектүү дары-дармектерди жана жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жумшалары айтылды. Ошондой эле коронавирустан дарыланып чыккан учурларга 157 миллион сом каралган.
11 миңдей орун даяр турат. Өкмөт COVID-19дун үчүнчү толкунунан кантип өтөт
"Кызыл зонада" мамлекет башчысы бейтаптардын, анын ичинде реанимация бөлүмүндөгү абалы өтө оор болгондордун саламаттыгынан жана дарылоо шарттарынан кабар алды.
Ал жактан чыккандан кийин Садыр Жапаров медицина кызматкерлери менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүнө кызыкты.
Мамлекет башчысы учурда өлкө жетекчилиги медицина кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча иш алып барып жаткандыгын, атап айтканда, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылгандыгын, башка категориядагы дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү пландаштырылып жатканын баса белгиледи.
Президент Жапаров өзгөчө кооптуу шарттарда иштеп, күн сайын өлкө жарандарынын ден соолугу үчүн өз өмүрлөрүн тобокелге салып жаткан медицина кызматкерлерине талбаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал мамлекет тарабынан медиктердин иштөө шарттарын акырындап жакшыртууга болгон күч-аракеттер улантыларына ишендирди.