Кыргызстанга жакында 30 миң доза "Спутник V" вакцинасы алып келинет

Аталган препаратка кезек күткөндөр болгондуктан бир миллион дозаны бир эле транш менен алууга мүмкүн болбой жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жакын арада Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынын 30 миң дозасы алып келинет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, жалпы жонунан 1 миллион доза сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Биринчи траншында 15 миң кишиге жете турган 30 миң доза алып келүү демилгеси жактырылды.
"Вакцина транш менен жеткирилет, себеби препаратты алууга кезек күткөндөр бар. Ушул себептен улам дагы гуманитардык жардам катары бериле турган 500 миң доза июнь-июль айларына туура келип жатат", — деди министр.
Ал ошондой эле сатып алынган вакцина калк үчүн бекер болорун кошумчалады.