Сот Алмазбек Атамбаевдин абалын билүү үчүн экспертиза дайындады

Алмазбек Атамбаев учурда ден соолугу начарлаганына байланыштуу №47 түзөтүүчү колонияда дарыланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди. 
Депутат Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд. сом төлөдү
Жолдубаева ошондой эле бүгүнкү жыйынга соттолуучу Равшан Жээнбеков келбегенин белгиледи. Анын жактоочулары экс-депутат коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деген маалымкат беришкен.
Биринчи май райондук соту соттук териштирүү иштери токтотулуп, экспертиза дайындалганын ырастады.