Радио

Карбозова: Паркинсон оорусу тукум кууйт

Невролог, КММАнын А. Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Кундуз Карбозова азыркыга чейин Паркинсон оорусунун пайда болушунун так себептери аныкталбаганын айтты.
Sputnik
Англиялык дарыгер Жеймс Паркинсон ооруну изилдеп, илдет тууралуу кагаз бетине жазып чыккан. Ошентип дартка анын ысымы коюлуп калган. Бул тууралуу Кундуз Карбозова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, белгисиз себептерден улам Паркинсон илдети менен аялдарга караганда эркектер көбүрөөк жабыркайт.
"Паркинсон оорусу — нерв системасынын нейродегенеративдүү оорусу. Башкача айтканда мээнин кайсы бир бөлүгүнүн нейрондорунун өлүшү менен коштолот. Мээдеги нигро субстанция (же кара субстанция) деп аталган бөлүгү дофамин затын бөлүп чыгарат. Ал биздин кыймыл-аракет, эс тутум, маанайга таасир эткен нерв системабыздын эң белгилүү нейротрансмиттеринин бири. Бул зат азайганда Паркинсон оорусу пайда болуп, адамдын кыймыл-аракети бузулат. Бейтап кыймылдай албай, тең салмактуулукту сактай албай калат. Андан тышкары, эс тутум өзгөрүп, деменция (ой калчоонун жайлашы — ред.) байкалат. Паркинсон 1755-1756-жылдардан бери изилденип келгени менен азыркыга чейин оорунун пайда болушунун так себептери белгисиз. Ошентсе да мында генетикалык мутациялар болору аныкталган. Демек, тукум кууйт. Аталган дарт менен 60 жаштан кийинки курактагы, кээде 40 жаштагы адамдар, химиялык заттарды көп пайдалангандар ооруп калат. Илдет Паркинсон оорусу жана паркинсонизм деп да бөлүнөт. Биринчисинде жогоруда аталган белгилер болсо, экинчиси баш сөөк жаракат алганда, инсульттан кийин байкалышы мүмкүн", — деди Карбозова.
Невролог аталган илдетте ырахат нейротрансмити болгон дофамин азайгандыктан, адам суусап туруп суу ичсе, ачка болуп туруп тамак жесе ырахат ала албай турганын кошумчалады.