Жакшы кабар! Казакстанда эки күндөн бери COVID жуктургандардын саны азаюуда

Буга чейин коңшу өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүп, күн сайын 2,5 миңдей кишиден COVID табылып жаткан. Мындан улам Казакстанда карантиндик чектөөлөр күч алган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Акыркы эки күндөн бери Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны азайып жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, мурдагы күнү ооругандардын саны 2 290 болсо, өткөн суткада 2 016 кишиден вирус аныкталды. Ал эми каза тапкандардын саны күн сайын 20нын тегерегинде болууда.
11 миңдей орун даяр турат. Өкмөт COVID-19дун үчүнчү толкунунан кантип өтөт
Эске салсак, өткөн апталарда коңшу өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүп, күн сайын 2,5 миңден ашуу кишиден COVID-19 табылып жаткан. Мындан улам Казакстанда карантиндик чектөөлөр күч алган болчу.
Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун маалыматына караганда, ушул тапта Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 325 миңден ашты.