Шайлдабекова: партиялардын добуш сатып алганы аныкталса, жарыштан четтетилет

БШКнын төрайымы добуш сатып алуу шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналарын айтты. Мындай фактылар учурда иликтенүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Шаардык кеңешке шайлоодон утуп чыккан партиялардын добуш сатып алганы аныкталса, жарыштан четтетүүгө чейинки чара колдонулат. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгы тууралуу брифингде билдирди.
Анын айтымында, иликтөө учурунда жарандардын эркин добуш берүүсүнө таасир эте турган мыйзам бузуулар, анын ичинде добуш сатып алуу аныкталса талапкерлерди жана партиянын өзүн четтетүүгө чейин чара колдонулат.
Ошондой эле ал добуш сатып алуу шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналарын белгиледи.