Кыргызстанда электрондук мектеп ачылат. Анда кимдер окуй алат

Онлайн-мектеп ачылгандан тарта ооруп калган балдар окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай билим ала беришет. Бул долбоордун чет элдеги этникалык кыргыздарга дагы пайдасы тиймекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстанда электрондук мектеп ачуу аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-2023-жылдарга карата министрликтин программасы менен тааныштырып жатып айтты.
"Кошумча жана мектептен тышкары билим берүү максатында электрондук мектеп ачылганы турат. Долбоорду Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө", — деди министр.
Электрондук мектеп алты багытты камтыйт: